Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга бүгүн расмий сапары менен Кыргызстанга келди.
Аны «Манас» эл аралык аэропортунда премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.
Халтмаагийн Баттулга Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Эки мамлекет башчынын жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу күтүлүүдө.
Андан сырткары, ал Монголиянын Бишкекте эчилигин ачып, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине бармакчы.