17:41
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Токтогулда суу аз. Электр жарыгын үнөмдөп пайдаланууга чакырышты

Кыргызстандыктарды электр энегриясын үнөмдөөгө чакырышты. Мындай сураныч менен «Электрдик станциялар» ААКсы чыкты.

Токтогул суу сактагычына суткасына орто эсеп менен суунун агып кириши секундасына 835 кубометрди түздү, ал эми агып чыгышы секундасына 273 кубометрге жетти.

Жайында өлкө суткасына 20 миллион киловатт-саат пайдаланат. Суунун чыгымы ички колдонуудан, ал эми агып кириши жаратылыш шартынан көз каранды.

«Электр энергияны иштеп чыгуу боюнча чектөөлөр ички пайдалануучулар үчүн болбойт. Бирок, кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырабыз», -деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар