01:35
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

ШКУ. ИИМдин 5 миңден ашуун кызматкери коомдук коопсуздукту сактайт

ШКУнун саммитине карата ИИМдин 5 миңден ашуун кызматкери коомдук коопсуздукту сактайт. Бул тууралуу маалымат жыйында ИИМ башчысынын орун басары Алмаз Орозалиев билдирди. 

Айтымында, ИИМ коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча план иштеп чыкты. Коомдук тартипти камсыздоого Бишкек ШИИББнын, Чүй ОИИББнын жана ИИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлери тартылат.

12-14-июнь күндөрү Бишкек гарнизонунун жеке курамы күчөтүлгөн режимде иштейт. Бул күндөрү Бишкекке Монголиянын президенти, Индиянын өкмөт башчысы, КЭРдин төрагасы расмий иш сапары менен келишет. Ошондой эле ШКУнун саммити өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума