Мурдакы башкы прокурор Аида Салянованын кармалышы мыйзамыз. Бул тууралуу «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жергиликтүү ЖМКга берген маегинде билдирди.
Ал Аида Салянованын мурдакы башкы прокурор, Жогорку Кеңештин экс-депутаты катары кол тийбестиги бар экенин белгилейт.
«Баарыбызга белгилүү Аида Салянова ал Ген.прокурор болуп турган мезгилдеги иши үчүн айыпталып жатат. Демек, Конституциялык палатанын, Жогорку соттун чечимдерине ылайык, экс-Ген.прокурор Аида Салянованы кылмыш жообуна тартыш үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу сөзсүз алынышы керек. Ансыз Аида Саляновага жасалган аракеттердин баары мыйзамсыз. Ал аракеттерди жүргүзгөн адамдар мыйзам алдында жооп бериши керек», — дейт ал.
Өмүрбек Текебаев Аида Салянованын камалышы боюнча Жогорку Кеңеш териштирүү жүргүзүшү зарылдыгын айткан.
Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда чыгарылышы байланыштуу кылмыш ишинин алкагында 26-июнга чейин кармалган

