17:46
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Соң-Көлдө бир адам каза болуп, 30дан ашуун мал жардан кулады

Нарын облусундагы Соң-Көл жайлоосуна бараткан беш адамдын бири каза болуп, 30дан ашуун мал жардан кулады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 8-июнь күнү Туз айылынын 5 тургуну (эркек: 1968-жылкы М.К., 1986-жылкы М. Б., 1990-жылкы Т у.Т., 1988-жылкы Р.Б., 1985-жылкы С.М.) Соң-Көл жайлоосун көздөй мал айдап чыгышкан.

«Көк-Жар айылынын Чалай кыштоосундагы Көнөк ашуусунда туман түшүп, бороон каптап, адашып ашууну аша албай калышкан. 1968-жылы туулган М.К., аттуу жарандын кан басымы жогорулап, суукка туруштук бере албай каза болгон. Мындан сырткары 30 кой, 3 жылкы, 1 эшек катуу болгон бороондон улам жардан кулап кеткен», — деп билдиришти ӨКМ кызматынан.

9-июнь күнү туугандары жардам сурап ӨКМге кайрылышкан.

Жерине 6 куткаруучу, 2 медицина кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 4 адам чыгышып, малчыларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Каза болгон адамды туугандарына өткөрүп беришкен. Ал эми, калган 4 адам айылдагы оорукана жеткирилген. Абалдары учурда жакшы экендиги айтылды

Эң көп окулган жаңылыктар