18:43
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекте Кытайдын борбордук опера театрынын «Манас» операсы коюлат

Бишкекте Кытай Эл Республикасынын борбордук опера театрынын «Манас» операсы коюлат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди. 

Кыргызстанга Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик визитинин алкагында 11-12- июнь күндөрү А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында «Манас» операсы коюлат. Чыгармачылык топ Кыргызстанга 10-июнда келээри пландаштырылууда. Кыргыз сахнасында операны коюуга 200дөн ашык артист катышары күтүлүүдө.

Маалым болгондой, «Манас» эпосун операда коюу демилгеси 2015-жылы Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин катышуусунда өткөн маданият маселелери боюнча жыйында көтөрүлгөн. Операны сахналаштырууга эки жыл даярдык көрүлгөн.

Эске салсак, «Манас» операсы Кытайда 9 жолу коюлган.

Эң көп окулган жаңылыктар