17:07
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Окуучунун өлүмү. Мушташка катыштыгы бар окуучунун бири кармалды

9-класстын окуучусунун өлүмүнө алып келген мушташка катыштыгы бар окуучунун бири кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.

Эске салсак, буга чейин борбор калаадагы мектептердин биринин окуучулары арасында жаңжал чыгып, мушташып кетишкен. Милициядан кабарлашкандай, жабырлануучу бала үйдөн эмес, ооруканадан көз жумган. Дарыгерлер ага баш мээси чайкалган деген диагноз коюшкан, бирок ЭМРТга тартылган эмес. Алдын ала алынган маалыматка ылайык, ички кан агуунун кесепетинен бала каза болгон. Ал комага түшүп калып, өзүнө келбейт жан берген.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума