10:12
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Степное айылындагы аялдардын түзөтүүчү колониясына 330 аял жазасын өтөөдө

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Балдарды коргоо күнүнүн алдында Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Степное айылындагы аялдардын түзөтүүчү колониясына барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Алтынай Өмүрбекова колонияда аялдарга түзүлгөн шарттар менен таанышып, апалары менен жашаган балдарды майрамы менен куттуктады. Ал тигүү цехтерди, кийизден улуттук бумюдарды жасоочу, нан бышыруучу өндүрүштүк цехтерди, жашылча жана өсүмдүктөр өстүрүлгөн күнөскананы, ошондой эле «Таза зона» реабилитациялоочу жана социалдык адаптациялоо борборун көрүп чыкты.

Бул борбордо 8 аял баңгилик жана алкоголдук көз карандысыздыктан реабилитациялоодон, ошондой эле кайра социалдашуудан өтүп, тигүү өндүрүшүндө жана күнөсканада иштеп жатышат. Мындан тышкары соттолгон 7 аял балдары менен ымыркайлар үйүндө жашашат.

«Тилекке каршы балдар 3 жашка чыкканда апалары менен өзүнчө жашашат. Бул балдарды багып алууга даяр туугандары жоктор балдар үйлөрүнө жөнөтүлөт. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аларды фостердик үй-бүлөлөргө жайгаштыруунун үстүндө иштейт. Баса белгилей кетсем, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү камактагы аялдардын жана алардын балдарынын маселелерин чечүүгө өзгөчө көңүл бурат», — деп белгиледи Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр менен жолугушууда колониядагы аялдар бир катар суроолорун беришип, мекеменин китеп фондун жаңы китептер менен толуктоо өтүнүчү менен кайрылышты.

Белгилей кетсек, бул мекеме 416 соттолуучуга эсептелген, иш жүзүндө мында 330 аял жазасын өтөөдө. Алардын 70и кесиптик техникалык училищеде тигүүчү жана чач тарач адистиктери боюнча окуп жатышат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума