08:28
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Наристенин өлүмү. Чоң апасы Жалал-Абад облусунун аймагынан тышкары чыга албайт

Сузакта сабалгандан кийин каза болгон 2 жашар наристенин чоң апасына Жалал-Абад облусунун аймагынан тышкары чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ОИИББдан билдиришти.

Малыматка ылайык, каза болгон кыздын чоң апасы күбө катары сурак берүүдө. Кошумча экспетиза дайындалып, анын жыйынтыгы менен күнөөлү аныкталат.

Буга чейин сабалган наристе ооруканага түшкөнү маалымдалган. Дарыгерлер кыздын денесинде көгала тактар бар экенин айтышып, укук коргоо органдарына кабарлашкан. Анын өзүнүн апасы Альбина Орусиядан кызынын абалы оор экенин уккандан кийин мекенине кайтып келген.

Эң көп окулган жаңылыктар