Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн талапкерлигин жактырды. Чечим бүгүнкү отурумда кабыл алынды.
Маалыматка ылайык, экономика министри кызматына Санжар Муканбетовдун, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына Эркинбек Чодуевдин, өкмөттүн аппарат жетекчиси — министр кызматына Самат Кылжыевдин, ошондой эле маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагалыгына Дастан Догоевдин талапкерлиги сунушталган.
Депутаттар талапкерлерди бир добуштан колдошту.