Бишкекте № 48 мектептин окуучулары согушуп, 9-класстын окуучусу каза болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурман жазды.
Бишкек ШИИББ аталган окуяны тастыктады.
«28-майда түнү № 3 балдар ооруканасына денесинен ар кандай жаракаттарды алган өспүрүм келип түшкөн. Дарыгерлер дароо милицияга билдиришкен. Алдын ала алынган маалыматка ылайык, 27-майда окуучулар арасында пикир келишпестик жаралып, согушуп кетишкен. Жабырлануучу өзүнө келбей каза болду», -деп айтылат маалыматта.
Согушкандардын өздүгү такталууда.