08:00
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Билим берүү тармагында жаңы жумуш орундар көп түзүлдү

2019-жылдын январь-март айларында 1 миң 700 жаңы жумуш орундары түзүлдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдайт.

Маалыматка караганда, жаңы жумуш орундардын үчтөн бир бөлүгүн (517 орун) чакан ишканалар ачышкан. Орундардын эң көбү- 19 пайызы билим берүү тармагында түзүлгөн. 17 пайызы — соода, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөлөрүндө.

Жумуш орундарын түзүү боюнча аймактардан үч ай ичинде Баткен облусу алдыга чыкты (269 орун). Андан кийин 167 жаңы кызмат ачып Ош шаары жана 111 жумуш орун менен Талас облусу турат.

Эң көп окулган жаңылыктар