07:01
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Москвада киши колдуу болуп каза болгон аялдын өлүмүнө анын күйөөсү шектелүүдө

Москвадагы батирлердин биринде киши колдуу болуп каза болгон кыргызстандык аялдын сөөгү мекенине жөнөтүлдү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.

Анын айтымында, 1979-жылы туулган К.З. 21-майда каза болгон. Анын өлүмүнө кыргызстандык жаран шектелүүдө. Маркум бир ай мурун ага турмушка чыкканы айтылууда.

Алдын ала алынган маалыматка ылайык, шектүү баалуу буюмдардын барын алып качып кеткен.

«Каза болгон аялдын аркасында бир уул, бир кызы калды. Кечээ анын сөөгүн мекенине жөнөттүк», -деди Улан Кошматов.

Эң көп окулган жаңылыктар