13:04
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Алмазбек Атамбаевдин кабинетине сүйлөшүүлөрдү жаздыра турган аппарат орнотулган

УКМК Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязовдун кабинеттерине сүйлөшүүлөрдү жаздыра турган аппарат орноткон. Бул тууралуу тегерек столдо КСДП саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов билдирди.

Анын айтымында, узарткычта жаздыруучу курал орнотулган. «УКМКнын кызматкерлери Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязовдун кабинеттеринде эмне болуп жатканын билүүгө аракет кылышкан», -деди ал.

Ал кандай жабдык орнотулганын көрсөттү. Бирок, чогулгандар жаздыруу тууралуу билдирүүнү ойдон чыгарылган деп эсептешүүдө. Адил Турдукулов бүгүн Форумда саат 14:00дө болгоен окуя тууралуу маалымат жыйын өтө турганын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума