16:17
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Айыл чарба министри Нурбек Мурашев кызматтан кетти

Айыл чарба министри Нурбек Мурашев кызматтан кетти. Маалыматты министрликтен тастыкташты.

Бирок, министрдин кетүү себебин айтышкан жок. Маалыматка ылайык, аткаминер өз ыктыяры менен арыз жазган. Бул боюнча министрден түшүндүрмө алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Нурбек Мурашев дайыма көңүл чордонунда жүргөн, анын дарегине карата көп сын айтылган министр. Буга чейин эффективдүү эмес министр катары «кара көлөч» антисыйлыгы ыйгарылган болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар