10:47
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды. Маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматынан ырасташты.

Алардын айтымында, кечээ Баткен районунун Карабак айылында Эски мазар жеринде кыргыз жарандары менен Тажикстандын чек арачылары ортосунда чыр чыккан. Тажик чек арачылары асманга бир жолу ок атышкан.

Бүгүн аталган жерге 100дөн ашык айыл тургундары топтолушту. Алар тажик чек арачыларынын көрүстөнгө киришине каршы болууда.

Мамлекеттик чек ара кызматынын билдирүүсүндө, көрүстөн талаш аймакта жайгашкан.

Эң көп окулган жаңылыктар