Кыргызстандын өкмөтүнүн аппаратынын жетекчиси Шамил Асымбеков кызматтан кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине маалым болду.
Шамил Асымбеков кызматтан өз ыктыяры менен кетүү тууралуу арызын жазды.
Ал бул кызматка былтыр 20-сентябрда келген.
Эске салсак, буга чейин өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары Мурат Мукамбетов ээлеген кызматынын кетти деген маалымат айтылган болчу.