08:26
USD 84.80
EUR 99.29
RUB 1.16

Энергетикалык тармакта реформа аяктамайынча, электр жарыгынын баасы көтөрүлбөйт

Кыргыз өкмөтү энергетикалык тармакта реформаны аяктамайынча, электр энергиясына болгон бааны көтөрбөйт. Бул тууралуу «Республика — Ата Журт» фракциясынын отурумунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ал билдиргендей, жакынкы аралыкта электр энергиясынын тарифин кайра кароо күтүлбөйт.

«Биз азыр энергетика системасын реформалоонун үстүндө иштеп жатабыз. Иш аяктаганга чейин эски тариф боюнча иштеп турабыз», -деди Кубатбек Боронов.

Эң көп окулган жаңылыктар