04:23
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Президент Балыкчыдагы «Акылдуу шаар» долбоору менен таанышат

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-майда Балыкчы шаарына барып «Акылдуу шаар» жана башка инновациялык долбоорлор менен таанышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы айрым орто мектептерге да баш багары айтылууда.

Кыргызстандагы кичи шаарлардын ичинде Балыкчынын жолдоруна камералар орнотулуп, иштеп жатканы расмий кабарланган. Бул калаага 14-майда 26 жаштагы Марат Кудайбергенов мэр болуп шайланды.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Ысык-Көл облусундагы эки күндүк иш сапары 16-майда башталган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума