18:19
USD 87.00
EUR 90.44
RUB 0.86

Азиз Батукаевдин иши. Мурунку министр Динара Сагынбаева камакка алынды

Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин мурунку башчысы Динара Сагынбаева камакка алынды. Бул маалыматты ИИМ 24.kg агенттигине тастыктады.

Маалыматка ылайык, кечээ мурунку министр суракка алынган. Андан кийин убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш иши ушул жылдын январында жаңыланган. Ал боюнча ууруга рак дартын койгон дарыгерлер жана лаборанттар сурак берүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-декабрь, шейшемби