17:28
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Депутат: Спирт ичимдиктерине «Манас» эпосунун каармандарынын ысымын койбош керек

Эмне үчүн алкоголдук продукцияларды өндүрүүчүлөр спирт ичимдиктердин аталышына «Манас» эпосунун каармандарын дагы деле колдонуп жатышат? Мындай суроону депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин отурумунда айтты.

«Кыргызстанда үчилтик туралуу мыйзам бар, анда алкоголдук ичимдиктерди жана чылымдарды эпостогу каармандардын аты менен атабаш керек деген тыюу бар. Бирок, бизде эпостун каармандарынын ысымы менен алкоголдук ичимдиктер бар, демек мыйзам бузулуп жатат. Буга ким жооп берет?», -деп суроо салды ал.

Экономика министри Эльдар Абакиров билдиргендей, аталган маселе боюнча комиссия түзүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар