12:52
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Депутат алкоголдук ичимдикке көз каранды болгон кишилердин саны өскөнүнө капа

Депутат Айнуру Алтыбаева Кыргызстанда алкоголдук ичимдикке көз каранды болгон кишилердин саны өсүп жатканына кабатырланды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин отурумунда айтты.

Анын пикиринде, абалды оңдоо үчүн акциздик марканын баасын көбөйтүп, курамында алкоголдун саны аз болгон ичимдиктерди алып кирүүгө тыюу салуу керек.

«Маалыматка караганда, өлкөдө алкоголго көз каранды адамдардын саны өсүүдө. 2018-жылы сатылган маркалардын саны 25 пайызга өскөн», -деди депутат. Айтымында, аз алкоголдуу ичимдиктерди ичкен балдардын саны артууда.

Ал «Редбул» жана «Ягуарды» алып кирүүгө тыюу салууну сунуш кылды.

 
Эң көп окулган жаңылыктар