12:04
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кара-Сууда бир нече үй өрттөндү

Кечээ Ош облусуна карашуу Кара-Суу районундагы Жаңы-Турмуш айылынын Ибн Сина көчөсүндөгү үйлөр өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, биринчи үйдүн 64 чарчы метр чатыры, экинчи үйдүн 200 чарчы метр чатыры, үчүнчү үйдүн 200 чарчы метр чатыры жана төртүнчү үйдүн 165 чарчы метр чатыры күйгөн. Жалпысынан 4 үйдүн 629 чарчы метр жыгач устундуу тунуке жабылган чатырлары күйгөн.

Кырсык электр шаймандарын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушунан улам келип чыккан. Өрт тууралуу маалымат саат 20:30 чамасында түшүп, саат 21:20 чамасында чектөөгө алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар