8-майга карата мектепке электрондук каттоо системасына 7 миң 771 өтүнмө катталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык,
- Ленин районунда — 2181;
- Октябрь районунда — 1883;
- Биринчи май районунда — 1713;
- Свердлов районунда — 1994 өтүнмө катталган.
Өтүнмөлөрдүн жалпы санынан 5 миң 314 бала кабыл алынды, 1 миң 869 жактырылды, 133 кароодо. Ушул жылдын 15-майына чейин кичи аймактар боюнча электрондук өтүнмөлөр кабыл алынат. 2019-жылдын 16-майынан 15-августуна чейин кичи аймактардан тышкары электрондук өтүнмөлөр кабыл алынат.
Ата-энелер мектептердин тизмесин, бош орундардын санын, баланын кезектеги кыймылын жана мектепке катталуусун ар учурда компьютерден да, смартфондон да көрө алышат.
Бардык кызыктырган суроолор боюнча техникалык колдоо кызматына төмөнкү байланыш телефондору боюнча кайрылса болот: 0556 122211, 0706 122211, 0776 122211, 0312 620497.