Бүгүн Ош шаарынын бир катар көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, оңдоп-түздөө иштеринин алкагында саат 09:00дон 17:00го чейин элекр жарыгы өчүрүлөт.
— Кара-Суу, Ш.Руставели, Мамажан, Б.Осмонов, К.Чымынов, У.Жороев көчөлөрү;
— Ак-Тилек кичи районундагы № 2, № 5, № 6, № 7, № 8, № 9, № 10, № 11, № 12, № 37 көчөлөрдө;
— Ш.Руставели көчөсүндөгү № 2, № 4, № 6, № 8, № 10 көп кабаттуу үйлөрдө жана МЖК-2 кичи районундагы № 6, № 7, № 8 көп кабаттуу үйлөрдө жарык берүү чектелет.