00:35
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Социалдык фонддун кызматкери 12 миң сом пара менен кармалды

Социалдык фонддун Бишкек шаардык Свердлов райондук бөлүмүнүн башкы адиси К.А. 12 миң сом пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

Маалыматка караганда, Соцфонддун кызматкери ишкерден анын айып төлөмдөрүн жабуу үчүн ири өлчөмдө акча талап кылган.

УКМКга кайрылган ишкер 2016-жылы чет өлкөгө кеткендигине байланыштуу ишин башка бирөөнө саткан. Бирок, 2018-жылы декларация толтуруп жаткан учурда, ал жеке ишкер катары каттоодо тургандыгы жана ал документтерди жабуу керектиги аныкталган. Ал Социалдык фонддун айыптарын толугу мене төлөп берген.

Ага карабай К.А. арыз ишкерден акча өндүрүүгө аракет кылат.

Эң көп окулган жаңылыктар