Үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ шашылыш билдирүү таркатты.
Анын маалыматында, 4-6-май күндөрү Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектериндеги райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында −1...-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.