Бишкектеги эс алуу жайларынын биринде ретро-унаалардын көргөзмөсү уюштурулду.
Иш-чара жыл сайын уюштурулуп келет. Максаты -өсүп келе жаткан жаш муундарга эски үлгүдөгү унааларды көргөзүү, алар азыркы күнгө чейин кантип сакталып калгандыгы тууралуу маалымат берүү.
Бул жылкы көргөзмөгө коюлган унаалардын эскиси 1937-жылы чыгарылган.