Эстраданы талантсыздардан жана халтурадан тазалоо үчүн көркөм кеңеш керек. Талапка жооп берген ырчылар гана сахнага чыкса, чыныгы өнөрпоздор бааланат. Мындай пикирин жаш болсо да мыкты ырларды аткарып келе жаткан Элбарчын Калилова 24.kg агенттигине берген маеги учурунда билдирди.
— Ысымыңыз сейрек кездешкен ысымдардан экен, атыңызды ким койгон?
— Элдин бийик даражалуу кызы болсун деп Элбарчын деген ысымды атам койгон. Анын мааниси көп, барчын деген гүлдөй кулпурган кыз болсун деп, бүркүттүн баласы барчындай алгыр, күчтүү болсун деген жакшы тилек менен ушул ысымды мага арнашкан.
— Элдик чыгармаларга, өзгөчө тематикадагы ырларга басым жасайт экенсиз, мунун себеби эмнеде? Сиздин аткарууңузда канча чыгарма бар?
— Ооба, элдик ырларга, философиялык ой менен жазылган чыгармаларга басым жасайм. Мекенчилдикке үндөгөн чыгармаларды жакшы баалайм, мындан улам элдик нукура ырларды ырдаганды жактырам.
Менин өзүмө таандык чыгармаларым көп, санап деле көрбөптүрмүн. Анын ичинде 10дон ашуун клип бар. Көптөгөн улуу акындардын, композиторлордун ырларын аткарам, өзүм дагы ыр жазып, обон чыгарам. Учурда обондорумду жаш ырчылар аткарып баштады.
— Кайсыл улуттук аспаптарда ойной аласыз? Эстрада же фольклор кайсынысы сизге жакын?
— Улуттук аспаптардан комузда жакшы кол ойнотуп ырдайм. Бул менин негизги адистигим. Чоң атам менен өз атам комузду мыкты ойношчу, алардан мага өткөн десем болот.
Мен ар түрдүү жанрда ырдай берем, эстрада, опера, фольклор, вокалдык жанрдын баарын окуганмын. Үнүм баарына ылайыктуу. Демек, чөйрөгө карап ар жанрда ырдай берем.
— Сынактарга катышып жүрөсүзбү? Чет жерге чыгып, өнөрүңүздү тартууладыңызбы?
-Кыргызстандын ичинде сынактарга катышкан эмесмин. Устатым Жолболду Алыбаев «сынактардан абайла, катышам деп аброюңду төгүп алба», -деп көп айтат. Кыргызстанда адилеттүү өткөн сынак жок, ошон үчүн катышпайбыз. Чет жерге чакыруулар болуп турат, бирок азырынча фестивалдарга гана катышып келдим. Алдыда сынактарда өзүмдү сынап көрүү боюнча пландар бар.
— Үй-бүлөңүз дагы чыгармачыл чөйрөдөнбү? Дегеним сиздин ырчылык кесибиңизге кимдер колдоо көрсөтөт?
— Мен эс тарткандан бери эле сахнага чыгып жүрөм. Ал эми чоң сахнага 2011-жылы алгачкы жолу кадам таштагам. Ошондон бери баш-отум менен киришип кеттим. Ата-энемдин кесиби дарыгер, бирок алар менин талантымды баалап, колдоп турганы ушул даражага жеткирди. «Талантыңды таштаба» деп ар дайым кеп-кеңештерин берип турушат.
— Жакында эле белгилүү обончу Түмөнбай Колдошов анын ырын бузуп ырдап чыкканыңызды жазып чыкты. «Арзуу» ырынын алгачкы обону кандай эле?
— Түмөнбай Колдошевдин адамдык сапатын сыйлайм, агай менен 1-курска киргенден тарта эле бирге иштешип, кеңешип, жакшылык жамандыктарда чогуу жүрдүк.
Айтылган чыгарманы 2012-жылы алгачкы жолу агайдын өз оозунан укканмын. Ал жаңы ырларын чыгарганда ырдап берчү. Аталган ыры мага жагып калып ошол эле жылы өзүнүн уруксаты менен сурап алганмын. Ырдын сөзү маркум акын Жыпара Умаровага таандык. Ошентип агай экөөбүз чыгарманы чогуу жаздырганбыз, андан кийин ырдап жүргөнмүн. Акын эжекебиз дагы угуп сүйүнүп, ооруп атса дагы тура калган күндөрү болгон. Мен ага ушул ырыңызга клип тартам деп убада да берген элем. Кийин Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында иштеп калдым. Ал жакта башкы режиссёрлор аткарган ырларыбызды карап, көзөмөлдөп турушат. Бирок, негедир «Арзууну» өткөрбөй, кайра жакшылап иштеп чык деп калышты. Ырды кайрадан жаздырып жатканымды Түмөнбай Колдошовго айткан жокмун. Негизи жагымдуу белек болсун деп ойлогонмун .Бул убакытта каражат жагынан да, убакыттан да чыгым болду.
Ошентип ырды ремикс вариантында ырдап чыктым.
Түмөнбай Колдошов айткандай ал ырдын обонун бузган жокмун, обонду жөн гана кооздогонмун.
— Негизи эле сынга кандай карайсыз?
— Негизи сынга олуттуу карайм. Эл деген эл, элди сыйлайм. Бирок, элдин арасындагы сексен пайыз аял калкы, көрө албастыктарды, жамандыктарды, кара дооматтардын баардыгын аял киши чыгарат экен. Ушуга аябай ынандым. Жок нерседен чыгарган да аялдар.
Мага деле бетин пластикалык операция жасатыптыр, кашын мындай кылыптыр деп жазып коё беришет, калпты жазгандарын көрүп оозум ачылат.
— Сахнада, ырчылыкта атаандаштык болушу керекпи?
— Сахнада чыгармачылык татаал, чоң агым экенин билем. Негизи атаандаштык болуп турушу керек, анткени атаандаштык болгон жерде өсүү болот, ийгиликтер жаралат.
— Азыр каалаган киши ырчы болом деп сахнага чыга алат. Ырчыларга кандай талаптар болушу керекпи?
— Азыр каалагандын баары ырдап баштады. Үнү бары да, жогу да, талантына карабай сахнага жулунуп жатышат. Сахнада кудай берген таланты, билими, нукура үнү бар адамдар аз.
Бир-эки нота менен «күйдүм, сүйдүм» деп ыр чыгарып, эптеп клип тартып, акчанын күчү менен чыгармачылыкка аралашып жатышат.
Албетте, ырчыларга өзүнө тиешелүү талаптар болсо жакшы болмок.Мисалы, репертуар, кийим-кечек, фонограмма, же жандуу үн боюнча талап болуш керек.
— Тойлорго чакыруу көп келет деп калдыңыз, сиз да элден калбай «Жар-жар» айтасызбы?
— Жок, «Жар-жар» айтып, кыз узатуу ырларын ырдабайм. Анткени «Жар-жар» — салттуу, тилек ырларына кирет. Аны умай энелер ырдайт. Качан 5-6 баланы багып, чоңойтуп, бир үй-бүлөнүн отун өчүрбөй калганымда ырдашым мүмкүн.
Азыр элдик ырларды аткарам. Акыркы 2 жылдан бери чыгармачылыгымды баалаган күйөрмандарым жеке концерт берүүмдү суранып келишет. Бул жылы күз айында өзгөчө бир программа менен концерт коюну пландап жатам.