«Бишкек Башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү Арча-Бешик конушундагы айрым жер тилкелеринин ээлеринин курулуш иштерин жүргүзүү үчүн уруксат кагазы жоктугун аныктап, 10 миң доллар акча талап кылган.
29-апрелде ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө, 1 миң 500 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен «Бишкек Башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын пландоо бөлүмүнүн башчысы 46 жаштагы К.М. кармалды.