USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

Өкмөт башчы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат

15:25, 29 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия экономикалык биримдигинин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ереван шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын өкмөт башчылары тарабынан Евразия экономикалык биримдигинин алкагында соода, өнөр жай, айыл чарбасы, транспорт, туризм, илим жана инновациялар сыяктуу багыттарда кызматташууларды кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө тийиштүү маселелердин кеңири чөйрөсү каралат.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика