01:44
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Ош шаарында жаңы диализ борбору ачылды

«Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында гемодиализ кызматтарын уюштуруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында Ош шаарында жаңы диализ борборунун ачылышы болду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти. 

Клиника 11 жаңы диализ жабдуулары менен жабдылган. Диализ борборунда 11 квалификациялуу кызматкер иштейт, анын ичинде дарыгерлер, медайымдар жана техникалык жумушчулар бар. Алардын баары кошумча окутуудан жана квалификацияны жогорулатуудан өткөн. 

Белгилей кетсек, бул Кыргыз Республикасындагы үчүнчү диализ борбору болуп саналат.

Биринчи диализдик клиника өз ишин 2018-жылдын октябрында Жалал-Абад шаарында баштаган. Февралда Бишкек шаарында экинчиси ачылган, ал ачылышы пландаштырылган төрт диализ борборунун эң ириси. Быйылкы жылы Бишкек шаарында төртүнчү диализдик клиниканын ачылышы күтүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар