«ЮрАзия Кыргызстан» компаниясынын лицензиясынын аракети кайтарылды жана токтотулду. Бул тууралуу өкмөт билдирет.
Алардын маалыматында, бүгүнкү күнү кенди иштетүү жүргүзүлгөн эмес жана бардык иштер токтотулду, техникалар кайтарылып, инфраструктуралык объекттер мөөр басылып бекитилген.
Кечээ биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Балыкчы шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда уран кенинде изилдөө иштерин жүргүзгөн компаниянын лицензия кайтарып алынганын айткан.