«Кырк чоро» уранга каршы Балыкчы-Бишкек жөө жүрүшүнө катышат. Бул тууралуу уюмдун жетекчиси билдирди.
«Кырк чоро» өлкөдөгү уран казуу каршы митингдерди колдойт. Бирок, алар 26-апрелде Бишкек шаарында өтө турган акцияга эмес, 29-апрелде Балыкчы шаарында боло турган митинге катышмакчы.
Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунун тургундары 29-апрелде Бишкекке карай жөө жүрүшкөн чыкмакчы.

