22:17
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Идинов: Дүйнө «жашыл» экономикага өткөндө, биздин уран казганыбыз акылсыздык

Таш-Булак уран кенин чалгындоо иштери аяктап, ага кызыкдар ишканалар казуу үчүн лицензиясын камдоодо. Бул маалымат жалпы кыргызстандыктардын каршылыгына дуушар болду. 26-апрель күнү Бишкек шаарында атомдук куралдын булагы болгон уран кенин казууну токтотууну талап кылган митинг өтөт. Ысык-Көл облусунда дагы митингдер даярдалып, Бишкеке карай жөө жүрүшкө камынышууда.

Социалдык түйүндөрдө жарандык активисттер «Биз Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!» деген петицияга онлайн түрүндө кол чогултуп жатышат. Учурда кол койгондордун саны 20 000ден ашты.

Ал арада өкмөт кендеги иштерди токтотуп турууну буйруду. Мамлекеттик комиссия уран казуунун оң-терс жактарын карап чыкмакчы.

Белгилей кетсек, Борбордук Азия уран компаниясы менен Кара-Балта заводунда уранды иштетүү үчүн келишим түзүлгөн. Алар так ушул Кызыл-Омполдогу «Таш-Булак» кенинен алынган затты иштетишмекчи.

Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышындагы «легендарлуу парламенттин» депутаты, экономика илимдеринин доктору Кубанычбек Идинов 24.kg агенттигине уранды кайра казып баштоонун Кыргызстанга таасирин айтып берди. 

— Учурда «Таш-Булак» уран кенинин айланасында кайчы пикирлер жаралууда. Айрымдары уранды иштетүүгө макулдугун билдиришсе, көпчүлүк эл буга каршы. Бул эмнеге алып келиши мүмкүн?

— Бул маселени талкууга койбой дароо жабуу зарыл.

Ал тургай чалгындоого дагы уруксаат бербеш керек болчу. Ысык-Көлдүн тегерегинде экологияга зыян келтире турган бир дагы завод-фабрика иштетпеш керек.

Балыкчы шаарынан 35 чакырым аралыктагы жана Тоң районуна караган Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Омполдун уран-торианит чачыранды кендери Кызыл-Омпол тоолорунун түштүк боорунда жайгашкан. Бул тоолордо Улан деген шамал согуп турат. Шамал радиацияны бүтүндөй көлгө жеткирери бышык.

Радиациялык фону көтөрүлбөйт деп үстүнөн казып, Кара-Балтага иштетүүгө жөнөтүү- ишкерлерге гана кызык болуп жатат: жол даяр, иштетсе эле даяр зат болуп калып атпайбы.

— Кыргызстандын мурунку премьер-министри Апас Жумагулов күн мурун басылмалардын бирине берген маегинде уран кенин иштетүүдө Казакстан алдыга эч кимди салдырбай келгенин баса белгилептир. Анын айтымында, эл аралык эксперттердин тыянагы менен бул тармакты алдыга жылдырууга болот. Балким экономикалык көрсөткүчтөрдү эске алуу менен, уранды «жашыл» жол менен казып алууну карап көрүү керектир?

— Биринчиден Казакстанда Ысык-Көл жок. Коңшулар зыян келтирбейбиз дешип Балкашты эмне кылып алышты? Мыйзам боюнча, Ысык-Көл — бул биосфералык аймак, ошондуктан бул жерде кошумча тоо-кен иштерине тыюу салынган. Ал эми Таш-Булак уран кенин казуу бул жеке бир ууч кишилердин гана кызыкчылыгы. Керектүү кишилерди сатып алышкан, азыр баардык жакта акча чечет. Бир нерсени эске алуу керек, бизде элдин дээрлик 99 пайызы сабаттуу, алданышпайт. Кылымдан бери сактап келген, кытайга бастырбай коруп келген көлүбүздөн уран каздырып, өзүбүздү-өзүбүз уулап өлүп калабызбы?

Түркиядагылар Ысык-Көлдү жердин көзү дешет, ыйык жер дешет. Мына уран казылган Кажы-Сайдын азабын эмдигиче тартып жүрбөйбүзбү? Канча үстүн жапкан менен шамал болуп ачылып, жок кыла албай убарабыз. Дагы жакшы урандын калдыктары сакталган жайларды рекультивациялоого Евробиримдик 2 миллион евро берди.

— Уран туризмдин дагы келечегине чекит коеру бышык. Ансыз деле туризмди жакшылап өнүктүрө албай жатабыз...

— Ысык-Көлдө уран чыгат экен десе, эч ким келбейт. Мен бир окуяны айтып берейин, Советтер Союзу маалында чет жерден келген жарандарга уруксаат менен көлдү көрсөткүлө дечү. Анда чет мамлекеттиктерге Ысык-Көлдү көп көрсөтчү эмеспиз, Советтер Союзунун мыйзамы ошондой болчу. Бир жолу Жапониядан келген өкүлгө көлдү көрсөт деген тапшырма келди. Орловкага жеткенде эле ал чөнтөгүнөн куралын көтөрүп карап эле «кайра артка кеттик» деди. «Эмне болду?» десем «микрорентген 50дөн ашып баратат» деп көлгө барбай коюшкан. Азыр микрорентген 100гө чейин уруксат берилет.

Учурда биздин милдет көлдү сактап, экологиялык таза туризмди өнүктүрүү.

— Иосиф Сталин Ысык-Көлдүн астындагы уранды каздырбай, көлдү сактап калган дешет, мунун канчалык чындыгы бар?

— Көлдүн астында урандын бар экени Советтер Союзу маалында эле аныкталган. Эгер көл жок болгон болсо, бульдозер менен казып алса болот эле. Бирок, уран жайгашкан аймактын үстүндө Ысык-Көл жайгашкандыктан, Совет доорундагы аскер адамдары казып алуу үчүн баарын даярдап, документти Сталинге макулдук берүү үчүн алып киришкен. Ал кезде (Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарында) уранга муктаждык чоң болчу. Иосиф Сталин уран казылып алына турган жерлердин сүрөттөрүн тартып келгиле деп тапшырма берет. Учактан тартылган сүрөтүн алып келишсе, «кооз жер турбайбы, бул жактан сууну агызганга болбойт, башканы издегиле» деген экен. Ошентип Нарындагы Миң-Кушка токтолушат, убагында ал жактын аты Кабак деп аталчу. Эгерде Ысык-Көлдүн алдындагы уранды казганга уруксат берилип калса, план боюнча Чоң Чүй каналы аркылуу көлдүн суусун Казакстанды карай агызып ийип, ачык эле казып, кайра иштетүүгө жиберишмек. Бирок, көлдөн башка Майлы-Суу, Кеминдеги Ак-Түз, Орловканы таап, ошолорду иштетип калышкан.

Советтер союзунун биринчи атомдук бомбасы дагы дал Кыргызстандын уранынан жасалган.

Кыргызстанда оорулардын түрү көбөйүп, айрыкча рак оорусу күч алууда. Изилдөөгө таянсак урандын радиациясынын деңгээли жогору болгон аймактарда, көлдүн оң жагында, Жумгалда, Кеминде ушул жаман дарттан жапа чеккендердин саны өсүп жатат. Мунун кесепети укум-тукумга тиери бышык.

Кубанычбек Идинов

Эң көп окулган жаңылыктар