Баткендин Ак-Сай айылында жашаган, тогуз жаштагы окуучуну Тажикстанга алып кеткен Ворух анклавынын тургуну кармалып, тергөө амалдары жүрүүдө. Бул тууралуу аймактык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Белгилей кетсек, Тажикстандын жараны Ак-Сай айылында жашаган,2-класстын окуучусун Ворух аймагына алып кирип кеткен. Баланы кайтарууну талап кылып, Ак-Сай эли чогулган. Жарым сааттан кийин баланы кайтарып келишкен. Окуучу учурда облустук ооруканада.
Чек ара кызматы аймакта абал тынч экенин билдирди.