Бишкекте катталган жол кырсыгында айдоочу жаракат алды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн саат 3:30дар чамасында катталды.
«Honda CRV» үлгүсүндөгү унаа Лев Толстой көчөсү менен бара жатып жолдун четиндеги тосмону сүзүп алган. Кесепетинен унаа көпүрөдөн учуп кеткен, ал эми айдоочусу ооруканага жеткирилди.