USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Жогорку Кеңеште жаңы коалиция түзүү сунушталды

09:55, 10 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңеште жаңы коалиция түзүү сунушталды. Бул боюнча бүгүнкү жыйында депутат Исхак Масалиев билдирди.

Ал Кыргызстан социал демократтар партиясы оппозицияга кеткенден кийин фракция дагы кадам жасап, коалициядан чыгышы керектигин белгиледи.

«Андыктан биз жаңы коалиция түзүшүбүз керек», — деди ал.

Ага көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов фракциясынын коалицияда калышы мыйзамдарга каршы келбестигин айтты.

«Коалиция иштеп жатат. Ага киреби, чыгабы аны ар бир фракция өзү чече. Ооба, биздин партия фактически да, де -юре дагы экиге бөлүндү. Мамлекеттик саясатты колдогондор жана ага каршы партиялаштар бар. Партиянын бир бөлүгү оппозицияда, биз фракция коалицияда калабыз. Бул биздин чечим», — деди ал.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика