17:23
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Камчыбек Ташиев: Өмүрбек Бабанов жакынкы аралыкта Кыргызстанга кайтып келет

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Камчыбек Ташиев «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен болгон жолугушуусу туралуу айтып берди.

Анын айтымында, алар көп маселени талкуулашкан, айрыкча Кыргызстандагы саясий абалдан кеп кылышкан.

«Бабанов экөөбүздү ынкылап жасоого даярданып жатышат деген кептер айтылууда, бул туура эмес маалымат. Менде дагы, Бабановдо дагы ынкылап кылып жиберүү тууралуу оюбуз жок», -деди Камчыбек Ташиев.

Мурунку депутат билдиргендей, Өмүрбек Бабанов жакынкы аралыкта Кыргызстанга кайтып келет.

«Өмүрбек Бабанов өлкөгө кайтып келиши керек. Шайлоо маалында кимдер гана эмнелерди сүйлөбөдү. Анын Отуз-Адырдагы кебине экспертиза баа бериши керек», -деди ал. Анын маалыматына ылайык, азырынча эки лидердин ортосунда биргелешкен саясий пландары жок.

«Биздин тандем ураган жок, «Республика-Ата-Журт» партиясы бар. Керек болгондо анын ишмердүүлүгүн улантабыз, бирок жеке мен парламенттик шайлоого катышамбы же жокпу азырынча чече элекмин», -деди.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума