20:06
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Шашылыш билдирүү. Тоолордо кар жаайт

4-6-апрелдерде Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

1-2-апрелинде Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 72-74 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 80-130 чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат авто унаа жолунун 43-44 чакырымдарындагы (Йири-Суу участкасы), Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы кыймылдын чектелиши 500 метр аралыкты камтышы зарыл.

4-6-апрелдерде Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Эң көп окулган жаңылыктар