06:40
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Life: Кыргыздар Путинге жөн эле күчүк эмес, улуттук дөөлөтүн тартуулады

Орусиялык кинолог Виталий Орлов life порталына Владимир Путинге Бишкекте тартууланган күчүк боюнча оюн билдирди.

Ал тайган — акчага сатылбаган балуу ит экендигин белгилейт.

«Ал ит менен көргөзмөлөрдө жүрбөйт. Итти баккан адам эмне максатта, кандай ойдо кармаганын билет. Тайган — Тян Шань тоолорунан чыккан түр. Ал майда жандыктардан сырткары, карышкырга дагы тиш сала алат. Тайган өтө балуу жаныбар. Кыргызстан Орусиянын президентине өзүнүн улуттук дөөлөтүн тартуулады», — дейт ал.

Белгилей кетсек, кечээ Владимир Путиндин Бишкеке болгон мамлекеттик сапарында Сооронбай Жээнбеков ага тулпар жана тайгандын үч айлык күчүгүн тартуулады. 

Эң көп окулган жаңылыктар