05:52
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкектиктер үчүн жаңы сейил бак жасалгаланат

Бишкектиктер жана калаа коноктору үчүн жаңы сейил багы жасалат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы Анкара жана Виноградная көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган сейил бакты жашылдандыруу иштерин баштады. Жакында бул жерге жакын жайгашкан «Кара-Жыгач» жана «Алтын-Ордо 1-2» жаңы конуштарынын тургундарына эс алууга жакшы шарт түзүлөт. 



Жаңы сейил багынын аянты 15 миң чарчы метрди түзөт. Мини-парктын ичинде бактар сакталып, кээ бирлери буталып, эми гүл, бадал, жазы жалбырактуу бактарды отургузуу пландаштырылууда. Мындан тышкары, сейил бактын ичине газон чөбү эгилип, таштанды челектери менен отургучтар орнотулду.

Белгилей кетсек, жашылдандыруу иштери боюнча бул жылдын эсебинен оңдолуп жаткан биринчи сейил багы болуп саналат. Жалпы жонунан үстүбүздөгү жылы 9 сейил багы жана эс алуу зоналары менен 2 бульвар жашылдандырылат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума