14:10
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Европарламент желим идиштерге тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды

Европарламент 2021-жылдан тарта ЕБ аймагында бир жолу колдонула турган желим идиш-аяктарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды.

Документтин кабыл алынышы үчүн 560 депутат добуш берсе, 35и каршы болду. Дагы 28 депутат бейтарап позициясын билдирди.

Документке ылайык, 2029-жылга карата ЕБ өлкөлөрүндө кайрадан иштетүү үчүн чогултулган желим бөтөлкөлөрдүн көлөмүн 90 пайыздык көрсөткүчкө жетиши керек. Мындан тышкары документ балык уулоо үчүн деңизге жайылган торлордун жоголгондугу үчүн балыкчыларды эмес, аны өндүргөн компанияларды акча төлөөгө милдеттендирет.

Еврокомиссиянын маалыматына караганда, Дүйнөлүк океандагы жалпы таштандынын 85 пайызын желим буюмдар түзөт. Алардын жарымына жакыны бир жолу колдонууга арналган идиш-аяктар.

Дүйнөдө желим идиштерге алгачкылардан болуп Франция 2016-жылы тыюу салган. Былтыр жазында Еврокомиссия желим тарелкалар менен ашайрыларга тыюу салууну сунуштаган.

Буга чейин желим идиштерди колдонуудан АКШнын айрым шаарлары, ошондой эле Starbucks сыяктуу бир топ компаниялар баш тартышкан.

Экологдордун маалыматына караганда, 2012-жылы Дүйнөлүк океанда желим таштандылардын көлөмү болжол менен 165 тоннаны түзгөн. Желимден жасалган буюмдардын бөлүктөрүнөн турган таштандынын жалпы саны беш триллиондон ашат.

Эң көп окулган жаңылыктар