22:00
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жеңиш Разаков чек арадагы жаңжалда жабыркагандардан кабар алды

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткен облустук ооруканасына барып, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги чыр-чатактын натыйжасында жабыркагандардан кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, вице-премьер-министр толук кандуу сакайып кеткиче аларга үзгүлтүксүз медициналык кам көрүлөрүн белгилеп, материалдык жардам тапшырды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен Баткен районунун төрт жашоочусу жапа чеккен. Дарыгерлердин айтымында, бардык жабырлануучулардын абалы канааттандырарлык.

Эскерте кетсек, Баткен облусунун Ак-Сай, Көк-Таш айылын жашоочулары жана Тажикстандын Ворух аймагынын тургундары менен чыр чыккан. Эки тараптын чек арачылары элди басуу үчүн асманга ок чыгарышкан. Жыйынтыгында тажик тараптан 2 киши каза болуп, Кыргызстандан бирөө жаракат алган. 14-март күнү түштө кырдаал курчуп, Баткендин ички иштер кызматкерине ок тийген.

Эң көп окулган жаңылыктар