20:20
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Тажикстанда базардагы атышуудан милиция офицери жараланды

Тажикстандын түштүгүндөгү Бохтар калаасындагы «Ходжи Шариф» базарындагы атышуудан үч адам, анын ичинде милициянын бир офицери жаракат алды. Атышуу жекшемби күнү болгон, кылмыш иши козголгон, тергөө башталды. Бул тууралуу Бохтар шаарынын прокурору Иброхим Нусратуллозода билдирди.

17-март күнү кечинде Хатлон облустук ооруканасына милиция майору Довар Солехов, анын тууганы Масрур Солехзода жана жергиликтүү жашоочу Бахтовар Саъдуллоев жеткирилген. Алардын баарына ок тийген.

«Майор Солехов башынан жараланган. Жарасы жеңил, өмүрүнө коркунуч жок. Калган экөө Макаров пистолетинен атылган октон жараланган. Октун бири Бахтовар Саъдуллоевдин ичине тийген, ок анын кабыргасын тешип кеткен», — деди облустук оорукана кызматкери.

Бохтар шаарынын прокуратурасынын маалыматы боюнча милиция офицери жумуш маалында жараланган.

Тажикстан Ички иштер министрлиги базарда болгон атышууга байланыштуу пикир билдире элек. Бирок укук коргоо органдарындагы өз булактын кабарлашынча, атышуу карыз кайтаруу маселесинен улам келип чыккан.

«Ходжи Шариф» базары 2011-жылы ачылган жана 14 миң ишкерге ылайыкташкан. Базар Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен жакын мамиледеги Сохибовдордун үй-бүлөсүнө таандык деген маалыматтар бар.

Эң көп окулган жаңылыктар