21:15
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Азимжан Аскаров Жаңы-Жер айылындагы № 19 абакка которулду

Өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров убактылуу кармоочу жайдан Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы № 19 абакка которулду. Бул тууралуу ЖАМКтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, № 19 абак атайын өмүр бою кесилгендерге ылайыкташтырылып салынган. Азимжан Аскаров буга чейин ден соолугуна байланыштуу № 47 абакта кармалып турган.

Эске салсак, Азимжан Аскаров өмүр бою эркинен ажыратылган. Ага улуттар аралык ынтымакты бузду жана 2010-жылы түштүктө болгон окуяда милицияны өлтүрдү деген айып тагылган.

Февралдын аягында Азимжан Аскаровдун жубайы Хадича Аскарова, жактоочу Валериан Вахитов жана «Бир дүйнө Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жиберишкен. Анда жаңы кодекстерге ылайык жашы 60тан ашкан соттолуучуларга жеңилдик берүү тууралуу өтүнүч жазылган.

Эң көп окулган жаңылыктар