16:35
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Чет өлкөлөрдөн импорттолуп келинген жаныбарлар идентификацияланат

Чет өлкөлөрдөн импорттолуп келинген жаныбарлар идентификацияланат. Бул тууралуу Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында маалым болду.

Аталган комитет «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун карашты. Маалыматка ылайык, колдонуудагы мыйзамда белгиленген шарттар жаныбарларды идентификациялоо менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат. Бирок, бул укуктук актынын ченемдери коммерциялык максаттагы айыл чарба жаныбарларын идентификациялоого багытталган.

Тагыраак айтканда, эркин жүргөн жана короодо кармалган малды идентификациялоо механизмдери көрсөтүлбөй калган. Ошого байланыштуу мыйзам долбоору менен малды идентификациялоо конкреттештирилип, кеӊейтилүүдө.

Мындан сырткары, мыйзам долбоорунда расмий идентификациялоо жана каттоо системасы түзүлбөгөн өлкөлөрдөн импорттолуп келинген, ошондой эле үй шартында, зоологиялык парктарда, цирктерде, кармоо үчүн эксперименттик жаныбарлар катары, коммерциялык максаттарда пайдаланууга алынып келинген, идентификацияланбаган жаныбарлар боюнча жобо каралууда.

Эң көп окулган жаңылыктар