21:28
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кумар оюндарын ойноочу жайларда акчаларды гана эмес, балдарды да уттуруп жатышат

Кыргызстанда көмүскө кумар оюндарын ойноочу жайларда акчаларды гана эмес, балдарды да уттуруп жатышат. Бул тууралуу 24.kg агенттигинде өткөн маалымат жыйында жарандык активисттер билдиришти.

«Сезим» кризистик борборунун башчысы Бүбүсара Рыскулованын айтымында, активисттер оюн жайларын жабуу үчүн кол топтошту.

«Биз мыйзамдын кабыл алынышына себепкер болдук. Ошол эле маалда оюн бизнеси көмүскөгө кирди. Биздин дарекке карата көптөгөн коркутуулар болду, азыр андан бетер жаман болууда. Мыйзамдар иштебей жатат. Кумар оюндарын ойногон жарандар акчалыран гана эмес, балдарын кошо уттуруп жиберүүдө», -деди ал.

Активисттер президентке жана депутаттарга кайрылышкан, бирок жооп ала алышкан эмес.

«Кумаркана РИИБнын маңдайында иштеп жатат, бул тууралуу баары эле билет, бирок эч нерсе кылышпайт. Кумар оюндарын ойногондор-оорулуу адамдар, алар социалдык кооптуу кишилер. Биз көмүскө жайларды жабууну талап кылабыз», -деди Бүбүсара Рыскулова.

Эң көп окулган жаңылыктар