00:37
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкекте кумар оюндарын ойноочу жай аныкталды

ИИМдин ыкчам кызматкерлери Бишкектеги имараттардын биринен кумар оюндарын ойноочу жабдыктарды жана компьютердик тармактарды колдонуу аркылуу кумар оюндарынын көмүскө жайын аныкташты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, көмүскө жайда өздөрүнүн тааныштарын гана киргизип, купуялуулукту сактап келишкен.

Азыркы учурда кумар оюндарын уюштургандарды жоопкерчиликке тартуу жана ушул кылмыш ишине тиешеси бар башка жактарды аныктоо иш-чаралары жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума