18:42
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Баткендиктер Мамат Айбалаевдин облуска жетекчи кылып дайындоону суранат

Баткен облусунун Көк-Таш жана Ак-Сай айылдарынын тургундары Мамат Айбалаевди облуска жетекчи кылып дайындоону суранышты. Бул боюнча алар Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушу учурунда айтышты.

Баткендиктер өкмөттүн облустагы өкүлү Абиш Халмурзаевге сын айтып, аны иштен алууну талап кылышты.

«Бизге чек ара бекетинен чыкпай, жашынып олтуруп алган жетекчинин кереги жок. Бизге Мамат Айбалаев карып, коляскада олтуруп калган болсо да, эки жылга губернатор кылып, дайындап бергиле», — деди жергиликтүү калк.

Мамат Айбалаев Баткендин биринчи губернатору. Ал коңшу мамлекеттер менен алаканы жакшыртууда жана облусту түптөөдөгү салымы менен элдин колдоосуна арзыган.

Эң көп окулган жаңылыктар